Мамлекеттик тилди жеңил жана жеткиликтүү үйрөтүү боюнча кереге кеңеш өттү

Бүгүн 26-ноябрда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана тил курстарын үйрөттүүчү Виктория Кринвальддын буга чейинки жолугушуусунун алкагында мерчемделген мамлекеттик тилди башка улуттарга жеңил жана жеткиликтүү үйрөтүү маселеси боюнча кереге кеңеш өттү.

Кереге кеңешке «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская, Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун жетекчиси Карлыгач Жумакадырова, борбордук аппараттын кызматкерлери ошондой эле тил үйрөнүүгө кызыккан окуучулар катышты.

Кереге кеңеште төрага “Кыргызча оңой” мобилдик  колдонмосун тааныштырып, анын өзгөчөлүктөрү жана А1 деңгээлиндеги колдонуучулар үчүн ыңгайлуулугу тууралуу кеңири маалымат берди.

Виктория Кринвальд тил үйрөнүү процессинде көбүнчө татаалдык жарата турган этиштерди талдап, бул багытта иштелип чыккан практикалык ыкмалары жана көнүгүүлөрү менен бөлүштү.

Ал эми Дубан Асаттилде уулу кыргыз тилинин тарыхый өнүгүүсү, анын улуттук иденттүүлүктү сактоодогу мааниси жана аны башка улуттарга үйрөтүүдө өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндама жасады.

Мындан тышкары иш-чарага zoom платформасы аркылуу башка улуттардан тил үйрөнүүгө кызыккан адамдар жана мамлекеттик тилди жаңыдан үйрөнүп жаткандар катышып, мамлекеттик тилди үйрөнүүдөгү кыйынчылыктарды жоюу жана заманбап окутуу ыкмаларын пайдалануу боюнча өз ой-пикирлерин ортого салышты.

Жыйынтыгында башка улуттардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик тилди үйрөнүүгө болгон кызыгуусу күч алып жаткандыгы, бул кызыгууну мындан ары да колдоо жана өнүктүрүү үчүн аларга үзгүлтүксүз методикалык жардам көрсөтүү зарылчылыгы белгиленди.

Мамлекеттик тил – улуттук ынтымактын негизги өзөгү!

Архив