Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган сынактын III этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жарыяланган төрт айлык сынактын үчүнчү этабы ийгиликтүү аяктады. 


III этаптын видеороликтери Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз жараны» концепциясына арналып, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көргөзүштү. Видеоматериалдар мекемелердин расмий баракчаларына жарыялангандан кийин катышуучулар жазуу тапшырмаларын аткарышты.


Сынактын жеңүүчүлөрүнө 3-декабрда Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон жеке ишкер Мирлан Мамат уулу Алкыш баракчаларды жана заманбап планшеттерди тапшырды. 

III этаптын жеңүүчүлөрү:

    •    Першин Георгий Георгиевич — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оорук башкармалыгынын башчысы;

    •    Бобур Худайбердиев Салиджанович — Ош шаарынын мэриясынын адам ресурстарын башкаруу секторунун жетектөөчү адиси;

    •    Нуркулов Мамыралы Эргешалиевич — Социалдык фонддун Аксы райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы;

    •    Таманбаева Саадат Суюпбековна — Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;

    •    Махаматжан кызы Гулмайрам — Социалдык фонддун Өзгөн райондук башкармалыгынын адиси.


Сынактын акыркы, төртүнчү этабы «Улуттук нарк» темасына арналып, жыйынтыктоочу иш-чара менен кошо өтөт.


Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз! Мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! 

Сынактын жобосу: https://mamtil.gov.kg/ky/post/958

Маалымат алуу үчүн: 0700 015 452

Архив