Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин буйругуна ылайык Жапар уулу Орозалы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Маалымат үчүн:
Жапар уулу Орозалы 1993-жылы 25-мартта Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылында туулган. Ал К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналист адистиги боюнча жогорку билим алган.
• Жети китептин жана ондогон макалалардын автору;
• Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты;
• 2022-2023-жылдары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцияда директордун орун басары болуп иштеген;
• 2024-жылы «Кыргыз тили» гезитинин башкы редактордун жардамчысы;
• 2024-жылдын ноябрь айынан тарта «Кыргыз тили» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу.