Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамынын кабыл алынгандыгына 35 жылдыгына арналган жыйын өттү.
Бул иш-чара улуттук тилдин өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана кыргыз тилинин коомдогу ролун жогорулатууга арналды.
Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаардык мэриялардын жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Төрага өз сөзүндө мамлекеттик тилдин улуттук биримдикти чыңдоодогу жана коомдогу баалуулуктарды сактоодогу маанисин белгилеп, тил саясатын өнүктүрүү боюнча пландар менен бөлүштү.
Ал эми өкүлдүн орун басары мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, тилди мамлекеттик кызматта колдонуу деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын айтты.
Жыйында мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдөө, жаштар арасында кыргыз тилин жайылтуу жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштар айтылып, резолюция кабыл алынды.
Иш-чара мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу жана сактоо багытындагы маанилүү кадамдардын бири болду.