Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Ысык-Көл облусундагв иш сапардын алкагында
К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, “Кыргыз таануу” сабагын өттү.
Бул жолугушуунун негизги максаты — мамлекеттик тилди өнүктүрүү, кыргыз элинин тарыхый мурасын даңазалоо жана жаш муундардын улуттук өзгөчөлүктөргө болгон сыймыгын арттыруу.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мелис Мураталиев “Кыргыз таануу” сабагы аркылуу кыргыз элинин бай тарыхына, маданиятына жана руханий дөөлөттөрүнө кайрылды.
Ал студенттерге кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолдорун, белгилүү мамлекеттик ишмерлердин, акын-жазуучулардын жана илимпоздордун мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымдарын кеңири баяндап берди.
Төрага мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен өлкөнүн маданий жана руханий мурасы сакталат. Бул багытта университеттер маанилүү ролду ойнойт. Ал мамлекеттик тилди билим берүү системасына терең сиңирүү зарылчылыгын баса белгиледи.
Жыйынтыгында Мелис Мураталиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлорду сунуштап, университеттин окутуучулары жана студенттери менен мындан ары да тыгыз кызматташуу ниетин билдирди.