Бишкек шаарынын №13 мектебинде “Айкөл Манас баяны” аттуу кароо-сынак өткөрүлдү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти Кыргыз Республикасынын Президентинин №126 Жарлыгын аткаруу максатында уюштурду.
Жарлык “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу чараларын камтыйт.
Кароо-сынакка борбор калаанын №32, 59, 66, 78 жана 80 мектептеринин окуучулары катышып, улуттук рухту даңазалаган чыгармаларды сахналаштырды.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкери Айнура Сооронбаева иш-чарага күбө болуп, кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын жаш муундарга жеткирүүнүн маанисин баса белгиледи.
Шаардык этаптын жыйынтыгында төмөнкү мектептер байгелүү орундарга ээ болушту:
1-орун: №80 мектеп
2-орун: №78 мектеп
3-орун: №59 жана №66 мектептер
Бул иш-чара таланттуу окуучуларды шыктандыруу менен гана чектелбестен, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн идеологиясын бекемдөө жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу боюнча да чоң салым кошту.
"Манас" эпосу — кыргыз элинин руханий байлыгы, ал эми аны жаштар арасында даңазалоо — маданий мурастын келечегин камсыздоо.
Бишкек шаарынын мэриясы мындай иш-чаралар улуттук духту көтөрүүдө жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейт.