КМУда “Манас – кыргыз куту” аталышындагы иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Манас” эпосунун күнүнө арналган жумалыктын алкагында “Манас – кыргыз куту” аталышындагы жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү.
Бул иш-чара кыргыз руханий дүйнөсүнүн улуу мурасы болгон “Манас” эпосунун улуттук аң-сезимди бекемдөөдөгү ролун дагы бир жолу көрсөттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Кутмырза Жакыбалиев жана башка көрүнүктүү инсандар катышты.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө “Манас” эпосунун тарыхый жана маданий маанисин терең баяндап, анын улуттук аң-сезимди калыптандыруудагы ордун баса белгиледи:
 “‘Манас” эпосу улуттун түбөлүктүү коду. Анын жүрөгүндө кыргыз элинин жашоо философиясы, тарыхый эс тутуму жана баалуулуктары жатат. Эпос бизге биримдиктин, эрдиктин жана мекенге болгон сүйүүнүн түбөлүктүү сабактарын үйрөтөт.”
Ошондой эле, мамлекеттик катчы “Манас” эпосу улут үчүн идеологиялык платформа катары кызмат кылаарын да белгилеп, анын заманбап технологиялар аркылуу жайылышынын маанилүүлүгүнө токтолду:
 “Манас” бүгүнкү күндө да жаштардын арасында жаңы формада жашап, алардын руханий дүйнөсүн байытып, кыргыз маданиятын дүйнөлүк аренада таанытуу мүмкүнчүлүгүн берет.”
Белгилүү манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков жана Самат Көчөрбаев эпостон үзүндүлөрдү айтып, катышуучуларды улуу мураска жетелешти. Алардын чеберчилиги “Манас” эпосунун жандуу энциклопедия экенин дагы бир жолу далилдеди.
“Манас – кыргыз куту” иш-чарасы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун демилгеси менен уюштурулуп, улуттук маданиятты жана руханий мурастарды жайылтууга багытталды.
Архив