2024-жылдын 4-декабрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Манас” эпосунун күнүнө арналган иш-чара салтанаттуу белгиленди. Кыргыз улуттук “Манас” театрынын уюштуруусу менен өткөн бул майрам, улуттун руханий казынасынын улуулугун дагы бир ирет даңазалап, элди биримдикке жана мурасын сактоого чакырды.
Иш-чаранын расмий бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов ачып, улуттук эпосубуздун өзгөчө баалуулугу жана анын глобалдык маданияттагы орду жөнүндө терең ойлорун ортого салды. Мамлекеттик катчы мамлекет башчы Садыр Нургожоевич Жапаровдун куттуктоосун окуп, эпосту изилдөө, сактоо жана дүйнөлүк коомчулукка жеткирүү маанилүүлүгүн белгиледи:
— “Манас” – бул элдин жүрөгүндө жашаган түгөнгүс руханий байлык. Биздин милдет – аны келечек муундарга өзүнүн түпкү касиетин сактоо менен өткөрүп берүү”, - керек.
Салтанатта Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Манас” эпосунун жайылуусуна салым кошкон инсандарга “Кыргыз тили” төш белгисин ыйгарды. Өз сөзүндө ал манасчылардын кыргыз тилинин тазалыгын жана даңазасын сактоодогу ролун баса белгилеп, алардын эмгеги кыргыз элинин руханий мурастарын түбөлүккө сактоого болгон салымы экенин айтты:
— “Манасчылар аркылуу кыргыз тилинин күчү жана рухий өзөгү жашайт. Сиздердин эмгегиңиздер улуттун сыймыгы болуп эсептелет,” – деди ал.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Динара Ашимова, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, белгилүү коомдук ишмерлер, манасчылар, маданият өкүлдөрү жана илимпоздор, студенттер катышты.
Кечеде эпостун улуу саптары жаңырып, манасчылардын аткаруусунда эпостун эпикалык күчү жана рухий тереңдиги жанданды.
“Манас” эпосунун күнүн белгилөө – бул улуттук аң-сезимди жаңыртып, руханий баалуулуктарды бекемдөө үчүн маанилүү кадам.