Улуттук комиссия тарабынан уюштурулуп жаткан, “Кыргыз таануу” окуу курсунун 11-сабак өтүп, анын темасы “Манастын дүйнөлүк тарыхтагы орду” болду.
Сабакта эпостун дүйнөлүк маданияттагы уникалдуу орду, кыргыз элинин руханий дөөлөтү катары анын тарыхый жана көркөмдүк мааниси кеңири талкууланды.
Сабакты Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев өткөрүп, “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданий мурастын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи.
Ал эпостун улуттук аң-сезимди жана кыргыз тилинин өнүгүүсүнө тийгизген таасирине токтолуп, катышуучуларды мамлекеттик тилди терең өздөштүрүүгө жана аны даңазалоого чакырды. Сабак мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жалпы каалоочулар үчүн ачык форматта уюштурулду.
Кийинки сабактардын графиги:
Бишкек шаары: 10-декабрь, саат 18:30,
И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (И. Ахунбаев көч. 92).
Ош шаары: 13-декабрь, саат 10:00, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры.
“Кыргыз таануу” курсу улуттук баалуулуктарды жана мамлекеттик тилди жайылтуу, мекенчилдик сезимди чыңдоо максатында Бишкек шаарында аптанын 2-күндөрү үзгүлтүксүз өтүүдө.
Бардык кызыккан каалоочуларды чакырабыз!