9-декабрда, Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдетүү максатында иштелип чыккан “Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосунун А1 деңгээлинин таанытымы өттү.
Жыйынды ректордун милдетин аткаруучу Татьяна Шевченко ачып, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев бул колдонмо Улуттук комиссиянын буюртмасы менен жасалганын билдирип, жаштардын тилге болгон кызыктуу суроолоруна жооп берди.
Ал эми долбоордун жетекчиси Данияр Карабаев колдонмонун мүмкүнчүлүктөрүн презентациялап, студенттер үчүн атайын интерактивдүү оюндарды өткөрдү.
Академиянын мамлекеттик тил боюнча проректору Турсунай Ибраимова мамлекеттик тилди жайылтууда мындай технологиялык кадамдардын маанисин белгилеп, жеңүүчүлөр үчүн атайын сыйлыктар даярдалганын билдирип, жыйынтыгында студенттер атайын китеп жана куруттарга ээ болушту.
“Кыргызча оңой” колдонмосу интерактивдүү көнүгүүлөрдү, оюн форматындагы тапшырмаларды жана грамматиканы өздөштүрүүгө багытталган инструменттерди камтыйт.
Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө жана спорт тармагындагы инновацияларга багытталган мындай демилгелер улуттук баалуулуктарды бекемдөөдө чоң салым кошору белгиленди.