Тиркеме аркылуу тилди оңой үйрөнүү: Кыргыз тилинде жаңы мүмкүнчүлүктөр
Бүгүн 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган “Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосунун таанытымы өттү.


Жыйын мамлекеттик тилге болгон кызыгууну арттыруу жана жаңы демилгелерди тааныштыруу максатын көздөйт.
Иш-чаранын модератору, КРЭАУнун мамлекеттик тил жана окуу иштери боюнча проректору Жылдыз Омурзакова мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө ар бир жарандын салымы маанилүү экенин белгилеп өттү.


Андан соң Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мамлекеттик тилдин азыркы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү жолдору тууралуу баяндамасын жасады.


Иш-чаранын өзөгү болгон “Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосунун таанытымы көпчүлүктүн көңүлүн буруп, долбоордун жетекчиси Данияр Карабаев колдонмонун негизги мүмкүнчүлүктөрү жана пайдалуулугу тууралуу кыргыз жана англис тилинде кенен айтып берди. 
Таанытым учурунда студенттер колдонмону жүктөп алуу менен жеринде сынакка катышып, белектерге ээ болушту.


Бул мобилдик колдонмо акысыз жана англис/орус тилдери аркылуу кыргыз тилин, кыргыз тили аркылуу англи/ орус тилдерин үйрөнүүгө шарт түзөт.
Андроид телефондор үчүн:
АйОс (айфон) телефондор үчүн:
Колдонмону көчүрүп, жайылтуу үчүн бөлүшүүнү унутпаңыздар!
Архив