2024-жылдын 10-декабрда, Кыргыз Улуттук тарых музейинде “Музей терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү” китебинин бет ачары болуп өттү.
Бул маанилүү иш-чарада Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев өз сөзүндө:
“Музей иши – тарыхый жана маданий мурастарды сактоо, иликтөө жана жайылтуу менен элдин баалуулуктарын чагылдырат. Бул сөздүк кыргыз тилинде чыккан алгачкы илимий эмгек болуп, музей кызматкерлеринин ишин мамлекеттик тилде жүргүзүүгө чоң өбөлгө түзөт,” — деп белгиледи.
Китеп Кыргыз Улуттук тарых музейинин колдоосу жана Улуттук комиссияга караштуу Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан жарык көрдү. Анын автору — жетектөөчү илимий кызматкер Белекова Назгүл.
“Музей терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү” 650дөн ашык терминдин түшүндүрмөсүн камтып, музей ишинин тарыхы, классификациясы, экспозицияларды уюштуруу, эстеликтерди калыбына келтирүү жана башка багыттар боюнча мазмундуу маалыматтарды берет. Бул эмгек музей тармагында мамлекеттик тилди колдонууну системалаштырып, ишмердүүлүктө бирдейлештирүүдө маанилүү роль ойнойт.
Музейдин директору Жылдыз Бакашева иш-чаранын соңунда терминологиялык комиссиянын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, аларга ыраазычылык каттарды тапшырып, “Бул китеп музей ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди колдонуу деңгээлин жогорулатып, музей кызматкерлерине ишинде чоң жардамчы болот. Терминологиялык комиссиянын жана автордун эмгеги зор баага татыктуу,” экенин кошумчалады.
![📚](/storage/post/image/eca2e41c1917fc15606dbdbed810a2b915187b7f.png)
Тарыхты сактоо – тилди сактоодон башталат!