2024-жылдын 11-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институту мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган үч жаңы окуу китептеринин бет ачарын өткөрдү.
Бул иш-чаранын максаты мамлекеттик тилди билим берүү процессинде колдонуу үчүн заманбап жана жеткиликтүү методикалык ресурстарды сунуштоо, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик тил саясатты ишке ашыруу.
Күлнар Шеримбековна Иманакунова – “Кыргыз тили (ар түрдүү кесипте окуган студенттер үчүн)”
Бул окуу куралы жогорку окуу жайлардын ар түрдүү адистиктеринде окуган студенттер үчүн иштелип чыккан. Коммуникативдик принциптерге негизделген китеп кыргыз тилинде угуу, окуу, сүйлөө жана жазуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Китептин курамында кырдаалдык көнүгүүлөр, кошумча тексттер жана тесттер бар.
Айнура Кабатай кызы – “Кеп техникасы”
Бул окуу куралы көркөм жана таасирдүү сүйлөө чеберчилигин өркүндөтүүгө арналган. Китепке үндү туура башкаруу, интонацияны жакшыртуу, паузаларды туура коюу сыяктуу көнүгүүлөр киргизилген. Ошондой эле, адабий тилдин орфоэпиялык нормалары жана эл алдында сүйлөө маданияты кеңири камтылган.
Кундуз Кадыркулова – “Кыргыз тили” колдонмо китеби. Фонетика, морфология жана синтаксис бөлүмдөрүн камтыган колдонмо башталгыч класстын мугалимдерине, мамлекеттик кызматкерлерге жана жалпы республикалык тестке даярданган окуучуларга арналат. Эрежелер жана аныктамалар түшүнүктүү, кыска жана нуска форматта берилген.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана билим берүү тармагында мамлекеттик тилди кеңири колдонууга багытталган иш-аракеттер улуттук маданиятты жана баалуулуктарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Бүгүн бет ачары болуп жаткан китептер билим берүү процессинде мамлекеттик тилди эффективдүү колдонууга чоң салым кошот», - деп белгиледи.
КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов
«Тилди өнүктүрүү – улуттун маданиятын жана биримдигин бекемдөөнүн башаты. Бул жаңы китептер мугалимдер, студенттер жана тил үйрөнүүнү каалаган бардык жарандар үчүн баалуу колдонмо болуп берет», - деп кошумчалады.
Бул жаңы окуу китептери Кыргызстандын билим берүү системасында мамлекеттик тилди колдоонун жана анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат. Аталган окуу куралдары заманбап билим берүү технологияларына ылайыкташтырылгандыгы менен өзгөчөлөнүп, мамлекеттик тилдин колдонуусун тереңдетүүгө чоң өбөлгө түзөт.