2024-жылдын 13-декабрында Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик жана жарандык кызматкерлер үчүн атайын “Кыргыз таануу” сабагын өткөрдү.
Сабакка Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
“Кыргыз таануу” сабагынын максаты — мамлекеттик кызматкерлер арасында кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин терең түшүнүү менен алардын кызматтык ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилдин ордун бекемдөө болду.
Мелис Мураталиев сабак учурунда кыргыз тилин гана эмес, кыргыз элинин бай маданиятын да үйрөнүү — ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал мамлекеттик тилди үйрөнүүнү тереңдетүү үчүн мындай иш-чараларды өлкө аймагында системалуу өткөрүү зарылдыгын айтты.
Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров сөзүндө мындай иш-чаралар мамлекеттик тилдин коомдогу ролун бекемдеп, кызматкерлердин улуттук иденттүүлүгүн күчөтөрүн баса белгиледи. Ал Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ар дайым колдой турганын билдирди.
Бул иш-чара мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилинде иш жүргүзүү жөндөмүн арттырууга, ошондой эле мамлекеттик тилди кеңири жайылтууга багытталган кезектеги маанилүү кадам болду.