Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин резервдик фондунан Чүй облусунун Москва районундагы 15 бала бакчага этно комплекттер берилди. Алсак, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия балдар бакчалары үчүн иштелип чыккан СТЕМ (STEAM) программасына ылайык Москва районундагы 15 бала бакчаны пилоттук долбоордун негизинде этно комплекттер менен жабдуу маселеси боюнча кайрылган.
Ага ылайык, кезектеги этно комплекттерди тапшыруу аземи Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Садовый айылындагы «Солнышко» бала бакчасында өтүп, ага Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер жана башка чакырылгандар катышты.
Иш-чарада эл өкүлү Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева Төрага Нурланбек Шакиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын демилгелерине колдоо көрсөтүп келе жатканын белгилеп:
«Тапшырылып жаткан жабдуулар балдардын улуттук баалуулуктарды үйрөнүүсүнө көмөкчү болуп, кыргыз тилин жакшы өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин», - деди.
Мындан тышкары, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев этно комплекттердин маанисине токтолуп:
«Бул жабдуулар балдардын кыргыз тилинде ой жүгүртүүсүн, улуттук нарк-насилди таанып-билүүсүн тереңдетүү максатында иштелип чыккан. Мындай иштер өлкөнүн келечегин улуттук духта тарбиялоого багытталган чоң кадам болуп саналат», – деп баса белгиледи.
Белгилей кетсек, берилген этно комплекттер балдарга мамлекеттик тилди жана улуттук баалуулуктарды атайын оюн технологияларын колдонуу менен практикалык көндүмдөр аркылуу үйрөтүүгө багытталган.
Комплект табигый материалдардан даярдалып, 20дан ашуун компоненттен турат. Тагыраагы, андагы боз үй, шырдак, чүкө сыяктуу бир канча этно элементтер заманбап айкалыштырылып баланын акыл-эсин, интеллектин өнүктүрүүдө тарбиячыларга чоң таяныч болуп берет.