Жыл жыйынтыгына карата Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалыматтык жыйыны өттү
Бүгүнкү Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалыматтык жыйынында айтылган негизи маселелер:
1. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн укуктук негизин чыңдоо 📜
2. Мамлекеттик тилдин санарип дүйнөсүндөгү орду 💻
 • Кыргыз тилин дүйнөлүк тилдерге жакындатуу максатында жасалма интеллекттин негизинде атайын котормо платформасы (Гугл Транслейт жана Яндекс сыяктуу) иштелип чыкты. Бул платформа кыргыз тилинен алдыңкы 10 дүйнөлүк тилге жана тескерисинче которууга мүмкүндүк берет.
 • Кыргыз тилин үйрөнүүгө ыңгайлуу “Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” мобилдик тиркемеси ишке киргизилип, Play Market жана App Store платформаларына жүктөлдү.
 • Иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги үлгүлөрү “Document.kg” функционалы аркылуу Инфодокс электрондук системасына интеграцияланды.
 • Кыргыз тилинин жазуу эрежелери жана тыныш белгилери боюнча даярдалган 160 инфографикалык видеоролик YouTube каналына жүктөлдү.
 • Кыргыз Энциклопедиясы жана Терминология борбору тарабынан иштелип чыккан тармактык 10 сөздүк таратылып, электрондук форматта сайтка жайгаштырылды.
 • Жасалма интеллектке негизделген кыргыз тилиндеги IT продукцияларын түзүү боюнча хакатондор өткөрүлүп, текстти үнгө, үндү текстке айландыруучу технологиялар иштелип чыгууда.
3. Балдар контентин өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдин жаш муунга таасири 🧸
 • Балдардын тилин өнүктүрүүгө багытталган мультфильмдер (“Менин дүйнөм”, “Токойдогу окуялар”, “Сыйкырдуу сөздөр” ж.б.) кыргыз тилине которулуп, УТРК жана ЭлТР аркылуу көрсөтүлүүдө.
 • Тартылган мультфильмдер:
 • “Билгичтер” мультсериалы;
 • “Жаңыл Мырза” толук метраждуу мультфильми;
 • “Козулар” мультсериалынын 2-сезону;
 • “Сыйкырдуу калем” мультсериалынын 2-сезону.
 • 2024-жылы 0-3 жаш курактагы балдар үчүн 4 жаңы мультфильм тартууга келишим түзүлдү.
4. Мамлекеттик тилдин кадырын коомдун бардык катмарында арттыруу 🎓
 • ЖОЖдордун студенттеринин арасында “Билги” интеллектуалдык сынагы өттү.
 • Сентябрь айынан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге арналган видеороликтердин сынагы уюштурулуп, ар бир айлампада темалар (мамлекеттик тил, кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл, кыргыз жараны, улуттук нарк) боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
 • “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюну өттү.
5. Театр жана искусство аркылуу тилди жайылтуу 🎭
 • Республикалык жана облустук театрларда мамлекеттик тилди даңазалаган спектаклдер (“Ай тутулган түндө”, “Ак кеме”, “Тил башаты” ж.б.) көрсөтүлдү.
 • “Байыркы кыргыз жазуусу” даректүү фильми тартылып, “Кыргызфильм” менен бирге социалдык видеороликтердин сынагы өткөрүлдү.
6. Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүү 📚
 • “ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери” форуму жана “Терминология маселелери” илимий конференциялары уюштурулду.
7. Кыргызтесттин көрсөткүчтөрү 📊
 • 2024-жылдын январь-декабрь айларында 15 326 адам тест тапшырып, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 57%га өстү.
8. Аймактарда тил саясатын жайылтуу 🌍
 • “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” боюнча окуу курстары уюштурулду.
 • “Кыргыз тили” гезити 12 жолу 16 беттен жарык көрдү жана электрондук түрдө жеткиликтүү болду.
9. Окутуу курстары жана квалификацияны жогорулатуу 🏫
 • А1, А2, В1, В2 деңгээлдеринде тил үйрөтүү курстары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн уюштурулуп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга журналисттер тарабынан берилген суроолордун жоопторун бул шилтеме аркылуу толук көрүүгө болот👇
Архив