Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле жалпы каалоочуларга арнап, “Кыргыз таануу” окуу курсун ишке ашырып келет.
Бул курс жумасына бир жолу өткөрүлүп, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын, улуттук нарктарын жана тил байлыгын кеңири чагылдырууга багытталган. Сабактардын жүрүшүндө катышуучулар улуттун уңгусун, мамлекеттүүлүктүн тамырын аңдап-түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Кечээ, 26-декабрда 14-сабак: “Цивилизация жана кыргыз эли” темасына арналды.
Ал эми, 15-сабак – 2025-жылы жаңы мазмун жана кызыктуу маалыматтар менен уланмакчы.
“Кыргыз таануу” сабактарына катышкан бардык угармандарды өз ой-пикирлери жана алган таасирлери менен бөлүшүүгө чакырабыз!
Мындай окуу курстары мамлекеттик тилди жана улуттук маданиятты өркүндөтүү ишинин бир бөлүгү катары өткөрүлүүдө.
#Кыргызтаануу сабагы – улуттун өткөнүн таанып, келечекке бекем кадам таштоого багыт!