Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер арасында жарыяланган төрт айлык сынак жыйынтыкталды
МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР АРАСЫНДА ЖАРЫЯЛАНГАН ТӨРТ АЙЛЫК СЫНАКТЫН АКЫРКЫ ЭТАБЫ “УЛУТТУК НАРККА” АРНАЛГАН ВИДЕОРОЛИКТЕРДИН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ


2024-жылдын 16-январда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер арасында өткөрүлгөн төрт айлык сынак жыйынтыкталды.
Иш-чараны төкмө акын, Акматбек Султан уулу ачып, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жалпы эле сынактын жүрүшү боюнча маалымат берип, бул акыркы этаптын демөөрчүсү “Шоро” жабык акционердик коому экенин баса белгилеп, аткаруучу директору Рахмидинова Чолпон айым менен биргеликте Алкыш барактарды жана ар бир жеңүүчүгө заманбап үлгүдөгү планшеттерди тапшырды.
🌟 Төртүнчү айдын темасы: “Улуттук нарк” видеосынагынын жеңүүчүлөрү📝
📍Мырзабек уулу Канат - КР Социалдык фонддун «Окуу борбору» мекемесинин жетектөөчү адиси;
📍Алчикенов Мират - Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин башкы адиси;
📍Сыртбай кызы Бермет - КР Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын Адам ресурстары, регламент жана административдик иштер башкармалыгынын адиси;
📍Мажинова Мериза Бейшебековна - Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун билим берүү башкармалыгынын Тарбия иштери боюнча башкы адиси.
📍Оморова Майрамкуль Джапарбековна - Социалдык фонддун Нарын райондук башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
Ал эми иш-чарага:
- Бишкек шаарынын мэри, Ош шаарынын вице-мэри, КР Юстиция министринин орун басары, КР Социалдык фондунун аппарат жетекчиси, КР Президентине караштуу Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн катышып, 38 мекеменин ичинен төрт айда активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн диплом менен сыйланышты.
Ошону менен бирге төрт айлыктын негизинде ар бир айда 5тен жеңүүчүгө заманбап үлгүдөгү планшет ыйгарган башкы демөөрчүлөргө “Элдик банк” Ачык акционердик коому Башкармалыгына, “Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму” Ачык акционердик коомуна, жеке ишкер Мирлан Мамат уулуна, “Шоро” жабык акционердик коомуна Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ыраазычылык каттарын тапшырып, мамлекеттик тилди колдоого алып, жыйылтууга салым кошуп, кайдыгер карабаган иш-аракеттерин баса белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында I, II, III, IV этаптардагы сынакта эң көп көрүүлөрдү топтогон видеороликтер көрсөтүлдү.
Бул долбоор мамлекеттик тилдин өнүгүшүн жана улуттук баалуулуктардын кеңири жайылышын колдоого алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тилин, маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатууга багытталды.
Архив