2024-жылдын 17-январда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз тилин табигый түрдө иштетүүчү программалык аппараттар” долбоорунун алкагында котормо программалык продуктусунун (translate.mamtil.gov.kg) таанытымы өттү.
Бул долбоор Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын иш-чаралар планынын 2024-жылдагы милдеттерине киргизилген.
Долбоордун негизги максаты – Мамлекеттик тилдин кеңири жана эффективдүү колдонулушун камсыздоо максатында Гугл Транслейт, Яндекс котормо платформалары сыяктуу улуттук платформадагы котормо продуктусун колдонууга алып чыгуу.
Платформа аркылуу кыргыз тилин башка тилдерге жана башка тилдерди кыргыз тилине которуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Программалык аппарат төмөнкү 10 тилде которот:
- Орус тили
- Англис тилит
- Немис тили
- Испан тили
- Француз тили
- Италиян тили
- Кытай тили
- Түрк тили
- Корей тили
- Жапон тили
Программалык аппарат колдонуучуга которулган тексттин эки вариантын сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Биринчи варианты тексттин контексттик мазмунун берүүгө, экинчи варианты текстти сөзмө-сөз которууга негизделген.
Бул мүмкүнчүлүк тексттин мазмунуна жараша тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Казакбаевич, платформанын маанилүүлүгүн баса белгиледи:
“Кыргыз тили бүгүнкү күндө мамлекеттик тил статусуна ээ болуп, заманбап технологияларда да активдүү колдонулушу керек. Бул платформа аркылуу мамлекеттик тил санариптешүүнүн жаңы баскычына чыгат. Биздин максат – эне тилибизди колдоочу улуттук платформаны жаратуу менен анын глобалдык деңгээлде колдонулушуна жол ачуу.”
Мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Альфира Супатаева платформа боюнча мамлекеттик кызматтарда, билим берүүдө жана ишкердикте чоң көмөкчү болоорун белгилесе, “Улут Софт” ЖЧКсынын жетекчиси Мирбек Окенов платформанын техникалык аспектилери боюнча түшүндүрмө берди.
translate.mamtil.gov.kg платформасы мамлекеттик жана жеке сектордо, ошондой эле билим берүү жана изилдөө чөйрөлөрүндө маанилүү куралга айланары күтүлүүдө.
Котормо платформасынын шилтемеси: https://translate.mamtil.gov.kg/translate/