2024-жылдын 22-январында Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы Терминология комиссиясынын ОшМУнун алдында түзүлгөн эксперттик тобу менен биргеликте “Мамлекеттик тилде терминдерди түзүү жана колдонуу” аталышында семинар болуп өттү.
Семинарга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Терминология комиссиясынын ОшМУнун алдында түзүлгөн эксперттик тобунун төрайымы Курманжан Нармырзаева, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, мамлекеттик тил боюнча иш алып барган кызматкерлер жана иш-кагаздарына жооптуу адистер катышышты.
Семинарда саламаттыкты сактоо, медицина, экономика, юридика тармактарында, салык мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөөдө мамлекеттик тилдеги терминдердин колдонулушунун орду, которуп колдонуудагы көйгөйлөр боюнча баяндамалар угулуп, анын негизинде суроо-жооптор уюштурулду.
Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук комиссия тарабынан жарык көргөн 10 терминологиялык сөздүк өлкө аймагында жайгашкан бардык мекемелерге акысыз таратылган.
Булак: Ош шаарынын мэриясы