Бүгүн 23-январда Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун тил адистери мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана заманбап технологияларды колдонуу аркылуу иш кагаздарын жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Иш-чара КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын уюштуруусунда өткөрүлдү.
Жыйынды Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ачып, мамлекеттик тилди заманбап технологиялар аркылуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттик мекемелердеги мамлекеттик тил адистеринин орду жана алардын өз тармактары боюнча тил саясатын илгерилетүүдөгү ошондой эле бул багытта жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын айтты.
Андан соң, Улуттук комиссиянын буюртмасы менен ишке ашырылган “translate.mamtil.gov.kg” котормо платформасы тууралуу “Улут Софт" компаниясынын өкүлү Улан Баялиев долбоордун негизги мүмкүнчүлүктөрү жана анын мамлекеттик тилди иш кагаздарында колдонууда кандай роль ойноору тууралуу маалымат берди.
Мындан сырткары “Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосу боюнча маалыматты БААУнун ага окутуучусу Данияр Карабаев кенен түшүндүрүп берди. Ал аталган колдонмо кыргыз тилин жаңыча жана интерактивдүү үйрөнүү куралы экендигин белгилеп, анын колдонуучуларга жеңилдиктерди алып келерин баса белгилеп көрсөттү.
Ал эми Улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Альфира Супатаева “Document.gov.kg” сайты жана “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасынын иштөө принциптери боюнча мамлекеттик мекемелерде иш кагаздарын жүгүртүүдө пайыздык көрсөткүчтөрү тууралуу баяндама жасады.
Мамлекеттик мекемелердеги тил адистеринин тилди өнүктүрүүдөгү тажрыйба алмашуулары сунушталып, КР Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик тил жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси Мээрим Чалбаева мекемедеги иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүгүртүүдө натыйжа алып келген тажрыйбалары менен бөлүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2026-2028-жылдарга карата сунуштар талкууланып, катышуучулар өз ойлору жана сунуштарын ортого салышты.
Иш-чарада айтылган сунуштар жана демилгелер мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын ишке ашырууда маанилүү негиз катары каралмакчы.