Жогорку Кеңештин комитети Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын иши тууралуу маалыматты укту
Бүгүн 28-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдын алкагында улуттук комиссия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын” аткарылышы боюнча маалыматын укту. 
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская маалымат беришти. 
Талкуунун жүрүшүндө депутат Жанарбек Акаев "Кыргызтест" мекемесинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу зарылдыгына көңүл буруп, мультфильмдерди тартууга каражат бөлүү, мамлекеттик тилдеги контенттин көлөмүн көбөйтүү маселелерин да белгиледи. Депутат Дастанбек Жумабеков мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу суроолорду берип, мамлекеттик тилди колдонуу тиешелүү конституциялык мыйзам менен жөнгө салынарын баса белгиледи. Ал ошондой эле "Кыргызтест" мекемесинин ишин күчөтүү, балдарга кыргыз тилин окутуунун методикасын кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты. Депутат Чыңгыз Ажибаев мамлекеттик тилди бардык тармактарда, өзгөчө тейлөө чөйрөсүндө толук жана кеңири колдонууну камсыздоого токтолду. Депутат Гуля Кожокулова тил саясаты масштабдуу жүргүзүлүшү керектигин, комиссияны Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комитетке айландыруу зарылдыгын белгилеп, кыргыз адабий тилинин өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Депутат Карим Ханжеза тиешелүү кадрларды даярдоого, кыргыз тилин окутуунун программасына, методикасына өзгөчө көңүл бурду. Ал эми депутат Эрнис Айдаралиев мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү бала бакчалардагы балдарды окутуудан баштоо керектигин кошумчалады. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев депутаттар белгилеген суроолорго жооп берип жатып, Жогорку Кеңештин Төрагасынын көмөгү менен мектепке чейинки мекемелерге улуттук элементтери бар этно-комплекттер тапшырылганын кошумчалады.
Талкуунун жыйынтыгында комитет Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалыматын эске алды.
Архив