"Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосу тааныштырылды
2025-жылдын 7-февралында Бишкек шаарынын Ленин районундагы орус жана эки тилдүү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кыргыз тили мугалимдери үчүн №68 орто мектебинде “Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосунун тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлдү.


Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Супатаева Альфира ачып, мамлекеттик тилди заманбап технологиялар аркылуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, кыргыз тили мугалимдеринин билим берүү системасындагы орду жана ролу абдан жогору экенин баса белгиледи.
Андан соң, БААУнун (Борбордук Азия Америка Университети) ага окутуучусу Данияр Карабаев “Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосу тууралуу кеңири маалымат берди. Ал бул колдонмо кыргыз тилин жаңыча жана интерактивдүү ыкма менен үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтып, өзгөчө орус тилдүү мектептерде окуган окуучулар үчүн анын чоң жеңилдиктерди алып келерин белгиледи.


Мугалимдер жаңы платформаны колдонуп көрүшүп, суроолорун берип, анын мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Талкуу учурунда көпчүлүк педагогдор бул тиркеме окуучулар үчүн кыргыз тилин үйрөнүүнү чындыгында жеңил жана жеткиликтүү кылаарын белгилешти.
Архив