Жогорку Кеңештин депутаттарына “Кыргыз тилин санариптик окутуу” платформасы тааныштырылды

Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Аппарат кызматкерлерине Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору, билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер Батма Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз тилин санариптик окутуу” платформасы тааныштырылды.  Анын бет ачар аземине депутаттар Винера Раимбачаева, Жайлообай Нышанов, Чингиз Айдарбеков, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилери жана  кызматкерлери катышты.


Аземде сөз сүйлөгөн эл өкүлү Винера Раимбачаева кыргыз тилин окутуунун санариптик платформасынын пайда болушу учурдун талабы экенин белгилеп, бул саамалык тилди жогорку деңгээлде үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирди. Депутат Чингиз Айдарбеков да платформанын өзгөчөлүгүн белгилеп, чет мамлекетте жашаган мекендештер үчүн мыкты программа болорун айтты.  Депутаттар авторго бул эмгеги үчүн ыраазычык билдирди. 

 Батма Топоева-Ставинская платформа менен иштөөнүн усулдары менен тааныштырды. Ал белгилегендей платформага кыргыз тилинин функционалдык грамматикасы, сүйлөшүү, которуу боюнча  деңгээлдери  жайгаштырылган жана беш тил бар.  Платформага QR код аркылуу катталып алып,  колдонуучулар үчүн тилди үйрөнүүгө өтө ыңгайлуу экендиги белгиленди.


“Кыргыз тилин санариптик окутуу” платформасынын шилтемеси: https://sanariptik-okutuu.kg/


Булак: Жогорку Кеңеш

Архив