«Мамлекеттик тилде окуткан мыкты окутуучу - 2025» сынагы жыйынтыкталды

3-март күнү И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан2024-жылдын октябрь айында башталган  «Мамлекеттик тилде окуткан мыкты окутуучу - 2025» сынагы жыйынтыкталды. 

Бул иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди медициналык академияда окутуунун деңгээлин көтөрүү жана окутуучулардын тажрыйбаларын жайылтуу болду. Сынак үч баскычтан туруп, 63 кафедранын ичинен 9 кафедрадан 11 окутуучу катышты.

Сынактын катышуучулары мамлекеттик тилде жазылган жумушчу программаларды жана окуу-усулдук комплекстерин даярдап, сабактарда өз тажрыйбаларын бөлүшүп, медициналык тилдин колдонулушу жана өнүгүүсүнө кошкон чоң салымдарын көрсөтүштү. Үчүнчү баскычта ар бир окутуучу «Медицинада мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүүнүн жолдору» темасында баяндама жасады.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Алкыш баракчалары жана И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор И.О. Кудайбергенова тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бул иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана окутуунун сапатын жогорулатууга зор салым кошуп, окутуучулардын келечектеги билим берүү процессинде дагы эффективдүү иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Архив
  • апрель 2025
    дшшшшрбшжмишжш
    31123456
    78910111213
    14151617181920
    21222324252627
    2829301234
    567891011