ИИМдин Республикалык окуу борборунда "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу тууралуу окутуу жүргүзүлдү
КР Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” Жарлыгынын түшүнүгү анын мааниси тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Мелис Мураталиевдин катышуусунда окуу-семинары өткөрүлдү.


Окуу-семинарга Борбордун  башчысы милициянын полковниги Бакыт Дубанаев, ардагер милициянын отставкады полковниги Замир Салыбаев, Борбордун өздүк курамы, талапкерлери, квалификациясын жогорулатуу курсунун угуучулары катышты.


Семинардын жүрүшүндө Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Мелис Мураталиев угуучуларга Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу Жарлыгынын негизги багыттарын, бул ченемдик актынын мамлекеттик органдар үчүн маанисин түшүндүрүп берди жана мекенчилдик рухту чыңдоо, кызматкерлердин патриоттук сезимин күчөтүү, билим алуу тууралуу эң негизги баалуулуктарын белгиледи.


Баяндамада илим, билим жана маданият, мамлекеттик тил, тарых, экономика, айлана-чөйрө, социалдык мамилелер, дене тарбия жана спорт, дин, кыргыз жери жана кыргыз эли сыяктуу негизги багыттар талкууланды. Семинардын максаты – мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү, мамлекеттин өнүгүү багыттарын бекемдөө жана мекенчилдик идеясын күчөтүү.


Семинар суроо-жооп форматында улантылып, катышуучулар уңгужолдун ишке ашырылышына тиешелүү суроолорун беришти. Бул иш-чара улуттук баалуулуктарды жана мекенчилдик духун жогорулатууга багытталган жолугушуулардын бири катары өткөрүлдү жана мамлекеттик кызматкерлерге улуттук дем менен дүйнөлүк бийиктикке умтулуу идеясынын маңызын тереңирээк түшүндүрүүгө өбөлгө түздү.
Архив