Чүй облусунда Уңгужолду жайылтуу жана жүзөгө ашыруунун негизги багыттары талкууланды

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»: Чүй облусунда Уңгужолду жайылтуу жана жүзөгө ашыруунун негизги багыттары талкууланды


Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун тааныштыруу жана түшүндүрүү максатында облустук деңгээлдеги жыйын болуп өттү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тарабынан бекитилген 2025-жылга карата Уңгужолду ишке ашыруунун иш-чаралар планынын негизинде уюштурулду.

Жыйындын негизги максаты - Уңгужолдун идеологиялык жана практикалык маңызын элге жеткирүү, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү багытын түшүндүрүү, ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин бул стратегиялык документти ишке ашыруудагы ордун жана жоопкерчилигин белгилөө болду.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Сагынович Жумагазиев, жыйындын маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, билим берүү, маданият мекемелерин, жергиликтүү жамааттарды Уңгужолдун негизги багыттарын терең түшүнүп, аны практика жүзүндө ишке ашырууга чакырды. 

Андан соң Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаевич Мураталиев кеңири баяндама жасап, Уңгужолдун мазмуну, максаты жана анын негизги багыттары тууралуу маалымат берди. Өз баяндамасында ал бул уңгужол элдин аң-сезимин ойготуу, тарыхты жана мамлекеттүүлүктү чыңдоо, дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстандын нукура жүзүн көрсөтүү үчүн иштелип чыкканын баса белгиледи.

Жыйынга облустук, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, муниципалдык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышты.


Маалымат үчүн:

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу бул көз карандысыз Кыргыз Республикасынын улуттук аң-сезимин, маданиятын, тилин жана тарыхын даңазалоо менен дүйнөлүк өнүгүү нугунда өз ордун табууга багытталган стратегиялык идеологиялык багыт болуп саналат.

Архив