Мамлекеттик тилди колдонууга байланышкан мыйзам долбоору тармактык комитетте каралып, биринчи окууда жактырылды
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 21-апрелде «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун жана «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.


Маалымат менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тааныштырды. Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн жөнгө салган айрым мыйзамдарды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. 


Талкуу маалында комитет төрагасы Улан Примов мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптары бузулган же аткарылбаган учурда жеке жана юридикалык жактарга алгач эскертүү берилип, андан кийин гана айып пул салынышы керектигин белгиледи. Өз кезегинде баяндамачы Мелис Мураталиев бул норма Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 108-1-беренесинде жазылганын билдирди. 

Архив