Эл аралык китеп күнүндө Жалал-Абад китепканасына улуттук энциклопедиялар тапшырылды

23-апрель – Эл аралык китеп күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан даярдалган “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясынын томдук басылмалары Жалал-Абад облустук китепканасына белек катары берилди.

“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы – табият, тарых, илим, искусство, техника, экономика жана дүйнөлүк цивилизациянын урунтуу учурларын камтыган фундаменталдуу эмгек болуп саналат.


Иш-чарага Улуттук комиссиясынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жазуучулар, китеп сүйүүчүлөр катышып, бул кадам коомчулуктун билимге болгон кызыгуусун арттырууга, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталганын белгилешти.

Архив