Бүгүн 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз мамлекеттик С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” темасындагы көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү.
Бул көргөзмө улуттук баалуулуктарды жайылтуу, жаштар арасында жарандык патриотизмди, улуттук рухту бекемдөө жана маданий мураска болгон сый-урматты арттыруу максатында уюштурулду. Уңгужол – бул кыргыз элинин руханий жаңылануусунун, улуттук өзүнчө мүнөзүнүн жана келечекке болгон ишениминин символу.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышып, Уңгужолдун концепциясы, анын коомдогу орду жана улуттук идеологиядагы мааниси тууралуу баяндамасын жасады.
Көргөзмөгө жаш сүрөтчүлөрдүн, устаттардын жана искусствону сүйүүчүлөрдүн эмгектери коюлуп, аларда улуттук салттар, тарыхый каада-салттар жана заманбап искусствонун айкалышы көркөм чагылдырылды.
Кыргыз элинин маданиятынын тарыхында 90 жылдан ашуун из калтырган Кыргыз мамлекеттик С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайы бүгүнкү күндө да улуттук сүрөт өнөрүн өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Бул окуу жай – сүрөткө дилгир жаштарды тарбиялап, замандын талабына жооп берген “дизайнер”, “искусство мугалими”, “сүрөтчү-чебер” сыяктуу адистерди даярдап келе жаткан терең салтка ээ билим берүү мекемеси.