“Кыргыз тилди санариптик окутуу” платформасы — бул кыргыз тилин жаңыдан үйрөнүп жаткандар үчүн атайын иштелип чыккан онлайн курал.
Аталган платформа Улуттук комиссияга караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан.
Платформанын өзгөчөлүктөрү:
• Окутуу аудио, текст, сүрөт жана практикалык көнүгүүлөр аркылуу жүргүзүлөт.
• Колдонуучулар сөздөрдү угуп, окуп, айтып, жазып үйрөнө алышат.
• Сиз өз билимиңизди тексттик тапшырмалар аркылуу текшере аласыз.
• Сабактар 5 тилде: кыргыз, орус, англис, түрк жана кытай тилдеринде сунушталат.
• Платформа A1, A2, B1, B2 деңгээлдерин камтыйт. Учурда A1 деңгээли толугу менен жеткиликтүү.
Статистика:
• 4032 баракча
• 1063 сөз
• 1146 сүрөт
• 2389 аудио материал
Бул платформа мамлекеттик тилди үйрөнүүнү каалаган бардык жарандарга багытталган.
Платформанын шилтемеси:
https://sanariptik-okutuu.kg