МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮ
Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити 2025-жылдын 29-апрелинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын аткарылышы жана “Медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятынын актуалдуу маселелери” аталышындагы кереге кеңеш өткөрөт.
Бул иш-чара – жалпыга маалымдоо каражаттарындагы тилдин абалына баа берүү, сөз маданиятын өнүктүрүү, ЖМК өкүлдөрүнө арналган нускама даярдоо максатын көздөйт.
Кереге кеңешке мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин басма сөз катчылары, ЖОЖдордун журналистика факультетинин окутуучулары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ошондой эле мамлекеттик тилге салым кошууну максат кылган жарандарды чакырабыз!
Күн тартибинде каралуучу негизги маселелер:
• Жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдин колдонулушу: учурдагы абал, жетишкендиктер жана көйгөйлөр;
• Сүйлөө жана жазуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелери жана ЖМК өкүлдөрүнө, басма сөз кызматкерлерине арналган атайын нускама иштеп чыгуу.
Дарек: Кыргыз улуттук тарых музейи (Чүй пр. 203)
Башталышы: 9:30
Катталуу үчүн: 0706 999 303, 0502 353 531
СӨЗ МАДАНИЯТЫ – КООМДУН КҮЗГҮСҮ!