Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 28-апрелдеги жыйында «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун жана «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.
Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тааныштырды.
Анын айтымында конституциялык мыйзам долбоорунун максаты «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына талдоонун негизинде аныкталган зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аталган конституциялык Мыйзамда каралган ченемдерге Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарынын ченемдерин шайкеш келтирүү болуп саналат. Ал эми мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуу чөйрөсүн жөнгө салган айрым мыйзамдарды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүүнү көздөйт.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Эмиль Токтошев, Надира Нарматова, Дастан Бекешев жана Эрнис Айдаралиев сунушталган мыйзам долбоорлорунун концепциясын колдой тургандыктарын айтышып, мамлекеттик тилди колдонуу жаатындагы айрым жагдайларды такташты. Депутат Эльвира Сурабалдиева паспорт жана башка документтерге жарандардын аты-жөнүн жазууда келип чыккан орфография, транслитерация маселелерине көңүл бурду. Тил саясатын натыйжалуу жүргүзүү керектигин белгилеген эл өкүлү Камила Талиева бул багытта мажбурлоо чараларынан оолак болуп, анын ордуна мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүү зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Айбек Алтынбеков мамлекеттик тилди өнүктүрүү ишинде Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чоң иш алып барышы керектигин ортого салып, кино өндүрүшүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Булак: Жогорку Кеңеш