Медиа жана тил: мамлекеттик тилди маалымат айдыңында өнүктүрүү жолдору талкууланды
Бүгүн, 29-апрелде, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын аткарылышынын алкагында “Медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятынын актуалдуу маселелери” аталышында кереге кеңеш өткөрдү.
Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев: “Мамлекеттик тилдин коомдогу орду ЖМКлар аркылуу бекемделет. Журналист – тилди элге тааныткан инсан. Эгерде биз медиа аркылуу тилдин тазалыгын сактап, нормаларын карманууну талап кылбасак, тилдин өнүгүшүнө кедерги жаралат. Бул багытта биргелешкен аракеттерди күчөтүүбүз зарыл”, – деп белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн өкүлү Сыягүл Караман өз сөзүндө: “Тилди сактоо — ириде улутту сактоо деген түшүнүк менен тең карала турган маселе. Эне тилибизди ыйык тутушубуз керектигин0 Президент Садыр Жапаров дайыма айтып келет. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тил чектелүү гана чөйрөдө колдонулбастан, коомдук-саясий жана маданий тармактарда колдонулуп, билим, илим жана техника чөйрөсүнө сүңгүп кирип, өнүгүү жолунда бара жаткандыгын”, – белгиледи.
Ал эми Журналисттер союзунун төрагасы Ильязбек Балташев журналист – тилдин күзгүсү экенин, бул иш-чаранын багыттуулугун жана нускама иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн талабы экендигин белгиледи.
Тынчтыкбек Кожобеков “Кыргыз Республикасынын медиа мейкиндигинде кыргыз тилинин эрежелеринин жана адабий ченемдеринин сакталышына мониторинг” аттуу баяндамасында: “Кыргыз тилдүү маалымат каражаттарында стилистикалык жана грамматикалык каталар кеңири тараган. Тил нормалары эске алынбайт, сүйлөмдөр логикалык байланыштан ажырайт. Бул көрүнүш тилге болгон кайдыгер мамиледен кабар берет. Демек, ЖМКлар үчүн атайын тил саясаты жана сапатты көзөмөлдөө механизми зарыл”, – деди.
Ошондой эле филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти жана Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын мүчөсү Гүлзада Станалиева “Медиатекстти жазууда эске ала турган жагдайлар” аттуу баяндамасында: “Медиа – бул тилдин түз чагылдырмасы. Медиа тили – элдик тилге эң жакын турган форма. Ошондуктан, журналисттик тексттерде грамматикалык, лексикалык жана стилистикалык тактык зарыл. Мындан тышкары, тилдик көркөмдүк, ойдун аныктыгы, эмоционалдык жөндөмдүүлүк да маанилүү. ЖМК жана басма сөз кызматкерлери тил маданияты боюнча үзгүлтүксүз окутулушу керек”, – деп пайдалуу маалыматтарды бөлүштү.
Кереге кеңешке мамлекеттик жана муниципалдык органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү, ЖОЖдордун журналистика факультеттеринин окутуучулары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле тилди жайылтууга салым кошуп жаткан эркин медиа эксперттер катышып, суроолорун жана сунуштарын беришти.
Иш-чаранын модератору, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов: “Бүгүнкү талкуу – тилге кайдыгер карабаган журналисттердин чогулганын билдирет. Биздин басылма дайыма мамлекеттик тилдин таза колдонулушун колдоп келген жана келечекте да ушул позициядан кайтпайбыз. Медиа мейкиндикте тилдин маданиятын сактоо – ар бирибиздин милдет. Ар бир материал – окурманга жетчү үлгү. Андыктан, тил маданиятына талап жогору болууга тийиш”, – деп жыйынтыктады.
Кереге кеңештин жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдин колдонулушу: учурдагы абал, жетишкендиктер жана көйгөйлөрдү туруктуу негизде талкуулап туруу, сүйлөө жана жазуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелери жана ЖМК өкүлдөрүнө, басма сөз кызматкерлерине арналган атайын нускама иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүү чечими кабыл алынды.
Бул иш-чара – мамлекеттик тилди жалпыга маалымдоо каражаттарында өркүндөтүү жана коомдо сөз маданиятын жакшыртуу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болду.
Архив