Балдар үчүн көп тилдүү жаңы чыгарма: «Жашынмак» ырлар жыйнагы үч тилде жарык көрдү

Бүгүн 13-майда балдар адабиятында жаңылык жаралып, белгилүү акын, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу Элмира Төлөкованын үч тилде даярдалган «Жашынмак» аттуу балдар ырларынын жыйнагынын бет ачары өттү.

«Жашынмак» ырлар жыйнагын коомчулукка жана балдар дүйнөсүнө жеткирүүдө Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия колдоо көрсөтүп уюштурду. Жыйнак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан кыргыз, орус жана англис тилдеринде басылып чыгып, Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары тарабынан даярдалды.

Жыйнактын ырларынын орус тилине котормосун Жылдыз Акаева жана Анна Бичевина, англис тилине Алтынай Токтоматова, ал эми обондорду композиторлор Камчыбек Букалаев жана Догдурбай Урмамбетов жазышкан.

Аталган иш-чарада Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары, стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев «Балдар адабияты – бул мамлекеттик тилди, улуттук баалуулуктарды, маданиятты сактоонун жана жайылтуунун эң натыйжалуу куралы. Ошол эле учурда, көп тилдүүлүк аркылуу дүйнөлүк маданиятка жол ачат. «Жашынмак» жыйнагы балдарга ушул багытта жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатат», – деп баса белгиледи.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев өз сөзүндө «Азыркы күндө балдар үчүн даярдалган контентти заман талабына ылайык, көп тилде, сапаттуу кылып сунуштоо – бул улуттук деңгээлдеги маанилүү иш. «Жашынмак» жыйнагы балдар контентинин жаңы баскычка чыгышынын айкын мисалы», – деди.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, окутуучулары, Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин башчысы, шаардык Билим берүү башкармалыктардын жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар катышып, ырлардын үч тилде окулуп, окуучулардын концерттик номерлери күбө болушту.

 Дал ушундай чыгармалар аркылуу мамлекеттик тилди бөбөктөргө сүйдүрүп, кыргыз тилинде сапаттуу чыгармалардын санын арттыруу менен бирге дүйнөлүк маданият менен да таанышууга шарт түзүлөт.

Иш-чаранын толук чыгарылышын 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата «Баластан» телеканалынан көрө аласыздар.

Архив