Бүгүн 2025-жылдын 14-майында, Улуттук комиссияда Кыргыз тилинин орфография жана орфоэпия эрежелерин иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун алгачкы жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерине тиешелүү бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелер жана көйгөйлөр кеңири талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгында, орфография жана орфоэпия эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду иштеп чыгуу боюнча иштер башталды. Анын ичинде транслитерация, ономастика маселелери да каралууда.
Эскерте кетсек, Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын чечими менен орфография жана орфоэпия эрежелерин иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ жана облустардагы жумушчу топтор түзүлүп, иш алып барылат.