КМУда мамлекеттик тил боюнча республикалык сынак башталды
6–17-май күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аттуу жыл сайын өтүүчү республикалык сынак өз ишин баштады.


Бул иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлиги, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте уюштурулуп, жогорку билим берүү деңгээлинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү, окутуунун сапатын жогорулатууну жана заманбап методдорду жайылтууну максат кылат.


Сынак эне тили, экинчи жана чет тили катары мамлекеттик тилди окуткан окутуучулардын арасында өтүп, 2021–2025-жылдардагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.


Иш-чараны КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулууда.
Архив