МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аппараты жана түзүмдүк бөлүмдөрү анын (“Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси, Окуу-маалыматтык жана котормо борбору, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору, “Кыргыз тили” гезити) жаңы дарекке көчкөндүгүн билдиребиз! Жаңы дарек: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 265А, 4-кабат.(Кыргыз улуттук илимдер академиясынын имараты)
Ошондой эле, расмий сайтка жана социалдык түйүндөргө жаңы дарек жана байланыш номерлер жакын арада жаңыртылып жайгаштырылат.
Урматтуу жарандар, кызматтар боюнча суроолоруңуздар болсо, ыкчам байланыш үчүн 0706 999 303 номерине кайрылсаңыздар болот.