Бүгүн 21-майда, Москва районунда Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Москва райондук мамлекеттик администрациясы биргелешип уюштурган “Мыкты жомок” жана “Мыкты анимация” чыгармачыл сынактарынын жыйынтык иш-чарасы өттү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун колдоосу менен, буга чейин Чүй облусунун Москва районундагы 15 бала бакчага тапшырылган ЭТНОСТЕМ мультистудия жабдууларынын негизинде уюштурулду.
Ошондой эле Улуттук комиссия тиешелүү адистер менен биргеликте тарбиячылар үчүн атайын окутуу семинарларын өткөрүп, мультистудияны колдонуу ыкмаларын үйрөткөн.
Аталган сынак тарбиячылар арасында мультистудияны колдонууну активдештирүү, балдарга мамлекеттик тилди жеңил ыкмада үйрөтүү жана чыгармачыл ыкмаларды бекемдөө максатында жарыяланган.
Сынактын жүрүшүндө ар бир бала бакчанын тарбиячылары жана бөбөктөрү мультистудия жабдуулары аркылуу мамлекеттик тилде жомокторду жана анимациялык тасмаларды жаратышып, өздөрүнүн чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн тартуулашты.
Сынакка жалпысынан 11 мектепке чейинки билим берүү мекемеси катышып, өздөрүнүн чыгармачыл иштерин сунушташты. Жыйынтыгында төмөнкүдөй жеңүүчүлөр аныкталды:
“Мыкты жомок” сынагы боюнча:
• 1-орун – Аруузат МЧББУ
• 2-орун – Колокольчик МЧББУ
• 3-орун – Бакыт МЧББУ жана Аленка МЧББУ (эки мекеме тең 3-орунга татыктуу деп табылды)
“Мыкты анимация” сынагы боюнча:
• 1-орун – Аруузат МЧББУ
• 2-орун – Бакыт МЧББУ
• 3-орун – Огонёк МЧББУ жана Колокольчик МЧББУ
Ошондой эле “Жаратман тарбиячы” номинациясы боюнча Куту Ян МЧББУ өзгөчө эмгеги үчүн сыйлыкка ээ болду.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Ханджеза Карим Лемзарович, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Козуев Ниязбек Эгемкулович, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Супатаева Альфира Ильясовна, Москва райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аширбаева Мээрим Эриковна катышышты.
“ЭТНОСТЕМ” мультистудия долбоорунун демилгечиси Солдатбек Рысбек уулу долбоордун максаттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга баалуу белектер, дипломдор жана этно-комплекттер тапшырылды.
Сахнада өз өнөрүн тартуулаган бөбөктөрдүн жүзүндө толкундануу, кубаныч жана өзгөчө дем байкалды. Балдар көркөм чыгармаларды өз колдору менен жараткан материалдар аркылуу элестетип, чыгармачылыкка болгон сүйүүсүн көрсөтүштү. Кыргыз тилиндеги каармандарга үн коштоп ойноо жана музыкалык коштоо менен жасалган анимациялар көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратты.
Бул демилге балдарга мамлекеттик тилди заманбап ыкмалар менен үйрөтүүгө жана алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.