Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Датка жана Манас айыл аймактарында, ошондой эле Араван районунун С. Юсупова айыл өкмөтүндө жайгашкан диний мекеме жана уюмдарда — мечиттерде жана медреселерде — “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иштер Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулду.
Мониторинг учурунда диний мекемелердин аталыштары, көрүнөө маалымат такталары жана жазуулары текшерилип, мамлекеттик тилдин нормаларына туура келбеген жазуулар жана орфографиялык каталар аныкталып, жеринде жоюлду. Мыйзам бузуулар боюнча Ош облусунун казыятына тиешелүү эскертүү берилип, мыйзам чегинде чара көрүү сунушталды.
Мамлекеттик тил мыйзамынын талаптары бардык мекемелерде, анын ичинде диний уюмдарда да так жана үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.