Бишкекте бала бакчалар арасында STEAM-технологиялар боюнча шаардык кароо-сынак өткөрүлдү
2025-жылдын 22-майында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин демилгеси менен №59 мектепке чейинки билим берүү уюмунда бала бакчалардын тарбиялануучулары арасында STEAM-технологияларды киргизүүгө арналган шаардык кароо-сынак болуп өттү.
Сынактын негизги максаты – 6–7 жаштагы балдардын технологияга болгон кызыгуусун ойготуп, алгоритм, программалоо, чыгармачыл инженерия, анимация сыяктуу багыттарда жаңы билимдерди берүүгө багытталган.


Кароо-сынактын өзгөчөлүгү - мамлекеттик тилдин заманбап технологиялар менен айкалышып, жаңыча ыкмада колдонулушу болду. Балдар мультфильм жаратуу, роботту башкаруу, Лего куруу же этно-инженердик долбоорлорду аткаруу сыяктуу тапшырмаларды кыргыз тилинде ишке ашырып, техникалык түшүнүктөрдү өз эне тилинде кабыл алып үйрөнүштү. 
Бул - мамлекеттик тилди бала дүйнөсүнө ылайыктап, аны заманбап билим берүүдө күнүмдүк колдонууга айландыруу боюнча маанилүү кадам.


Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өттү:
 • “Алгоритм жана Робомыш” — №35, №71 жана №100 бала бакчалар;
 • “Лего мастер” — №61, №18 жана №22 бала бакчалар;
 • Мультстудия аркылуу анимация — №18 жана №22 бала бакчалар;
 • “Этно-STEAM” — №21, №61 жана №111 бала бакчалар.


Жеңүүчүлөргө ноутбук, түстүү принтер, сертификаттар жана башка баалуу байгелер тапшырылды. Ал эми “Этно-STEAM” номинациясынын байге фондусун жеке ишкер жана этно-STEAM топтомунун автору Улуттук комиссия менен тыгыз иш алып барып, мамлекеттик тилди жайылтууга салым кошкон Рысбек уулу Солдатбек демөөрчүлүк көрсөттү.


Мындай иш-чаралар аймактарда да колдоого алынып, азыркы тапта “Мыкты жомок” жана “Мыкты анимация” сыяктуу сынактар өткөрүлүүдө. Алар да мамлекеттик тилди жана улуттук баалуулуктарды заманбап билим берүү менен айкалыштыруу максатын көздөйт.
Архив