Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана “УТРК” улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан уюштурулган республикалык деңгээлдеги “Акыл таймаш” билим сынагы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Республиканы камтыган бул ири долбоорго өлкөнүн бардык 7 облусунан 40тан ашуун мектеп катышып, үч айлампа аркылуу – биринчи, экинчи баскыч жана финалдык таймашта мыктылар тандалып чыкты.
Калыстардын жогорку упайын алган 10 команда сынактын финалына өтүп, жалпы байге фонду 500 000 сомду түзгөн интеллектуалдык таймаштын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Финалга чыккан 10 команда:
1. Чүй облусу, Ысык-Ата району – Актилек ЖББ орто мектеби, «Мурас» командасы.
Мугалимдер: Жөлөгөнова Таалайкүл Кадыралиевна, Кыдыкбаева Айзада Каныбековна.
2. Ысык-Көл облусу, Түп району – К. Уметалиев атындагы №22 Долон ЖОББ мектеби, “Элдин балдары” командасы.
Мугалимдер: Асанова Элзат Бакытовна, Токтосунова Сымбат Аскербековна.
3. Ош облусу, Ноокат району – Калдай орто мектеби, “Биримдик” командасы.
Мугалимдер: Рахманбердиева Динакан Мурзажановна, Айпери Кеңеш кызы.
4. Чүй облусу, Сокулук району – Ат-Башы мектеп-лицейи, “Акылман” командасы.
Мугалим: Уланбек кызы Нурбийке.
5. Баткен облусу, Кадамжай району – Э. Шакиров атындагы №3 “Охна” ЖББ мектеби, “Ак тилек” командасы.
Мугалимдер: Маразаева Жылдыз Токтобаевна, Аскарова Элмира Исраиловна.
6. Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары – З. Исаева атындагы №4 ЖОМ мектеби, “Дилгир” командасы.
Мугалим: Султанкулова Назира Талантбековна.
7. Талас облусу, Талас району – А. Бөрүбаев атындагы Көк-Арык орто мектеби, “Улуу Мурас” командасы.
Мугалим: Ибраимова Элмира Эркинбековна.
8. Чүй облусу, Москва району – №1 Ак-Суу ЖББ орто мектеби, “Ынтымак” командасы.
Мугалим: Тиленбаева Лира Токтобековна.
9. Ысык-Көл облусу, Тоң району – Б. Алаков атындагы ЖОББ мектеби, “Мурас” командасы.
Мугалимдер: Молдосанова Алтынкүл Карымшаковна, Кызаева Наргиза Муратбековна.
10. Баткен облусу, Лейлек району – Б. Набиев атындагы орто мектеби, “Тынчтык” командасы.
Мугалим: Шабатчаева Бермет Төрөбековна.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземинде Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билимге умтулган жаштарды жана мугалимдерди куттуктап, жалпы катышуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдерге терең ыраазычылык билдирди.
Калыстар тобу:
• Мелискан Асанова – Калыстар тобунун төрайымы, №5 Улуттук инновациялык мектеп-лицейинин директору;
• Кутмырза Жакыбалиев – Улуттук комиссиянын бөлүм башчысы, акын;
• Жаныбек Эсеналиев – Кыргыз радиосунун журналисти, “Акыл таймаш” долбоорунун редактору.
Долбоордун автору жана алып баруучусу – Жылдыз Мырзабекова.
Сынактын экинчи этабы 2025-жылдын күзүндө башталат. Ошондуктан, окуучуларга жайкы эс алуу учурунда көңүлдүү, коопсуз жана пайдалуу күндөрдү каалайбыз!
“Акыл таймаш” – акыл менен улуттук наркты тааныган таймаш!