КООМЧУЛУККА ЖАНА ММК ӨКҮЛДӨРҮНӨ ТҮШҮНДҮРМӨ

2025-жылдын 20-майында “Kaktus Media” агенттигинде “Кыргызстанда расмий тил тууралуу мыйзам кайра каралат” деген аталыштагы макала жарыяланган. 


Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия төмөнкүдөй расмий түшүндүрмө берет:


Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын колдонулбай калган, эскирген айрым мыйзамдарынын тизмеги каралууда. Ар бир мамлекеттик орган өз тармагындагы мыйзамдардын учурдагы абалын талдап, алардын мөөнөтү чектелгендигин, актуалдуулугун жоготкондугун жана тар чөйрөнү жөнгө салбагандыгын эске алуу менен күчүн жоготту деп таануу же актуалдаштыруу зарылдыгын аныктоодо.


Аталган тизмеде Кыргыз Республикасынын “Расмий тил жөнүндө” мыйзамы да бар. Бул мыйзам 2000-жылы кабыл алынган жана бүгүнкү күндө дагы өзүнүн мыйзамдуу күчүндө.


Улуттук комиссия төмөнкүлөрдү маалымдайт:


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат деп көрсөтүлгөн. Ушуга ылайык “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган жана күчүндө. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылат. Расмий тилди пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат" деп жазылган.

Бул Мыйзамдын мөөнөтү чектелбегендигин, актуалдуулугун жоготпогондугун жана тар чөйрөнү жөнгө салбагандыгын эске алуу менен жокко чыгаруу зарылдыгы жок экендигин билдирет.

Бирок аталган мыйзамдын эскиргендигин эске алып, жана бул мыйзамды “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында жаңы редакцияда кабыл алуу зарылдыгы бар деп белгилейт.

Башкача айтканда, бул мыйзамдын мазмунун же укуктук макамын өзгөртүү тууралуу эмес, аны актуалдаштыруу (жаңы редакцияда берүү) маселеси каралат.


“Kaktus Media” жарыяланган маалымат коомчулукта туура эмес пикир жаратышы мүмкүн. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын “Расмий тил жөнүндө” мыйзамы өзүнүн актуалдуулугун жоготкон эмес жана орус тилинин макамы мыйзамдуу күчүндө калат деп белгилейбиз.

Архив