Кесипкөйлүккө карай кадам: Котормонун теориясынан практикага чейин

Бүгүн 5-июнда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык жана котормо борбору жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан “Котормо теориясы, которуунун принциптери жана ыкмалары” аталышындагы методикалык семинар өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты – котормо ишмердүүлүгүнүн илимий жана практикалык негиздери, котормонун түрлөрү жана колдонулуучу ыкмалары тууралуу терең маалымат берүү, катышуучулардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана сапаттуу, мазмундуу котормого жетишүүнү камсыздоо.

Семинарды Улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев ачып берип, ал өз сөзүндө мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө сапаттуу котормонун маанисине токтолду. Андан соң семинар алкагында “Академик Юдахиндин мурасы” коомдук фондунун президенти Турдукожоев Жыргалбек Шаршеевич, филология илимдеринин доктору, профессор, Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын мүчөсү Кенжебаев Дайыр Орунбекович жана Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун Терминология жана ономастика бөлүмүнүн башчысы Ысмайыл Кадыров мазмундуу баяндамаларды жасап, котормо ишиндеги ыкмалар жана принциптер менен ой бөлүштү.

Семинарга Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларындагы, билим берүү башкармалыктарындагы мамлекеттик тил боюнча адистер, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун тренерлери катышты.

Семинардын соңунда суроо-жооп, пикир алмашуу жана жигердүү талкуу уюштурулуп, катышуучулар тарабынан төмөнкү резолюция кабыл алынды:

         •        Котормочулар арасында тажрыйба бөлүшүү үчүн конференциялар, семинарлар жана иш-чараларды өткөрүү;

         •        Котормо теориясын окутууга багытталган квалификациялык курстарды уюштуруу;

         •        Тажрыйбалуу котормочулардын катышуусунда мастер-кластарды өткөрүү;

         •        Терминологиялык электрондук базаларды түзүү жана өнүктүрүү;

         •        Котормо жаатында методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу;

         •        Котормо процессинде жасалма интеллект жана автоматташтырылган котормо системаларын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кароо;

         •        Мамлекеттик тил саясатын натыйжалуу жүргүзүүдө Улуттук комиссияга караштуу Окуу-маалыматтык жана котормо борбору менен тыгыз кызматташуу.

Бул семинар мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана котормо жаатындагы адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Эскерте кетсек, Улуттук комиссия тарабынан Котормо платформасы (translate.mamtil.gov.kg) иштелип, коомчулукка колдонууга тартууланган.

Архив