НАРЫН ШААРЫНДА “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ ЖӨНҮНДӨ” КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМДЫН АТКАРЫЛЫШЫ КОЛЛЕГИЯДА КАРАЛДЫ

Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында өткөн коллегияда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын шаардагы мекеме-уюмдарда аткарылышы, мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашырууга багытталган улуттук программалардын жана шаардык деңгээлдеги иш-чаралардын аткарылышы каралды.


Коллегияда Нарын шаары боюнча мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды. Тактап айтканда, айрым мекеме-уюмдарда маалымат такталарындагы жазуулар кыргыз тилинде берилбей калганы, мамлекеттик символдордун жаңыртылбагандыгы, кээ бир аталыштардын мамлекеттик тилдин нормаларына туура келбей, ката жазылган учурлар белгилүү болду.


Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жыйындын жүрүшүндө аталган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча тийиштүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берип, кайсы бир мекемелердин жетекчилерине карата тартиптик чараларды көрүү маселесин да көтөрдү.


Мэрия тарабынан мамлекеттик тил мыйзамын толук жана так аткаруу, расмий маалыматтардын кыргыз тилинде сапаттуу даярдалышын камсыздоо, ошондой эле шаардык деңгээлде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жигердүү улантуу боюнча иштер улантылмакчы.


Архив