2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин катышуусунда кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерин иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун кезектеги жыйыны өттү.
Эксперттик топту Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору, филология илимдеринин доктору
С.Ж. Мусаев жетектөөдө.
Топтун курамында өлкөнүн бардык облустарынан келген (онлайн катышуу да жүрдү) кыргыз тили боюнча алдыңкы адистер жана илимпоздор жигердүү иш алып барууда.
Буга чейин облустарда да жеринде талкуулар өткөрүлүп, орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелер боюнча сунуштар топтолгон.
Улуттук комиссиянын төрагасы жүргүзүлүп жаткан иштин маанисине токтолуп, эксперттик топтун мүчөлөрүнө ийгилик каалады.
Жумушчу процесс улантылууда. Алдыда дагы кошумча жыйындар жана талкуулар өткөрүлөт.