Бүгүн 16-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан улуттук жасалма интеллектке негизделген “АЙТИЛ – акыл ачкычы” (aitil.kg) аттуу жаңы улуттук платформанын расмий таанытымы өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, КР Президентинин Администрациянын, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, Улуттук комиссиянын Кеңешме органын мүчөлөрү жана тил жаатындагы эксперттер катышты.
Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу кыскача маалымат берип өттү.
Андан соң Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов өз сөзүндө: “Бул платформа заманбап технология менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жана элге жеткирүүдө маанилүү кадам. АЙТИЛ платформасы аркылуу мамлекеттик тилибиз жаңы санариптик деңгээлге көтөрүлүп жатат.”, — деп белгиледи.
Платформанын мазмуну жана функциялары менен Улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Эсенов Айзаратбек тааныштырып, “АЙТИЛ – акыл ачкычы” платформасынын негизги мүмкүнчүлүктөрүн төмөнкүдөй белгиледи:
• Текстти үнгө айландыруу – жазылган текстти табигый үндө кыргызча окуп берет;
• Үндү текстке айландыруу – маектерди, баяндамаларды жана аудиоматериалдарды автоматтык түрдө кыргыз тилиндеги текстке өткөрөт;
• Котормо кызматы – кыргыз тили менен он башка тилдин ортосунда котормо жүргүзөт;
• Чат-бот – колдонуучуга кыргыз тилинде маалымат берип, суроолорго жооп кайтаруучу акылдуу жардамчы катары иштейт;
• Видео котормо кызматы – видеолорду чечмелеп, мамлекеттик тилде субтитр же котормо сунуштайт;
• Кыргызча OCR кызматы – сүрөт же документтен кыргыз тилиндеги текстти таанып, даяр текстке айлантат.
Андан кийин сөз алган Улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Супатаева Альфира Илиясовна мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн расмий иш кагаздарынын “Документ.гов.кж” (https://document.gov.kg/kg) аттуу толук санариптик китепканасы тууралуу кеңири маалымат берип, мамлекеттик тилдеги расмий иш кагаздарынын үлгүлөрүнө токтолду. Ошондой эле кыргыз тилин жаңы үйрөнүп жаткан жарандар үчүн иштелип чыккан мобилдик колдонмо – “Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” тууралуу айтып: “Биз мамлекеттик тилди иш кагаздарда туруктуу жана туура колдонууга чоң көңүл буруп жатабыз. Бул платформа аркылуу жарандар өзүнө керектүү документтердин үлгүлөрүн эки тилде пайдалана алат”, – деп белгиледи.
Иш-чаранын соңунда “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна “Кыргыз тилин санариптик окутуу жолдору” (https://sanariptik-okutuu.kg) платформасы тууралуу баяндама жасап: “Бул платформа ар бир жаранга өз убактысына жараша кыргыз тилин үйрөнүүгө шарт түзөт. Анда угуу, окуу, жазуу жана сүйлөө көндүмдөрүн ырааттуу өнүктүрүүгө көмөктөшкөн интерактивдүү тапшырмалар, тесттер жана мультимедиялык материалдар камтылганын жана жеке өзү демилгелеп, ишке ашыргандыгын”, – баса белгиледи.
Таанытым учурунда бардык платформалар жандуу режимде көрсөтүлүп, катышуучуларга аларды реалдуу колдонуу жолдору кеңири түшүндүрүлдү.