Ош шаарында мамлекеттик тил жана медициналык терминдер боюнча семинар өттү

Бүгүн 18-июнда Ош шаарында «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана медициналык терминдерди которуу, колдонуу маселелери» аталышындагы маанилүү семинар болуп өттү.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Ө. Телекманова жана бөлүм кызматкерлери, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.К. Арстанкулов, Ош шаарынын мэринин орун басары С.А. Аманова, Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Терминология комиссиясынын Ош облусу боюнча эксперттик топтун төрайымы ф.и.к., доцент К.Ж. Нармырзаева жана комиссия мүчөлөрү, ошондой эле 120га жакын облустук, шаардык, райондук саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, иш кагаздары жана кадр ишине жооптуу адистер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


📌 Семинардын негизги темалары:

– Ош облусу жана Ош шаарында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын аткарылышы;

– Медицина тармагындагы иш кагаздарын мамлекеттик тилде, типтүү нускамага ылайык жүргүзүү;

– Медициналык терминдерди туура жана бирдей колдонуу маселелери.

Семинардын жүрүшүндө адистер жана илимпоздор суроо-жооп форматында иш кагаздардын мамлекеттик тилде туура жүргүзүлүшү жана терминдерди колдонуунун мааниси тууралуу пикир алмашышты. Ошондой эле мамлекеттик тилди үйрөнүүгө арналган колдонмолорду пайдалануу боюнча практикалык жардам көрсөтүлдү.

📝 Семинардын жыйынтыгында төмөнкү сунуштар кабыл алынды:

         1.      “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамынын жана Өкмөттүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому менен бекитилген “2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын” аткарылышын коллегиялык, аппараттык жыйындарда кароо;

         2.      Облустук, шаардык, райондук саламаттыкты сактоо мекемелеринде мамлекеттик тилде иш кагаздарды жүргүзүүнү жакшыртуу жана кызматкерлердин тил деңгээлин жогорулатуу үчүн окутуу курстарын уюштуруу;

         3.      Мекемелерде мамлекеттик тилди өнүктүрүү милдети жүктөлгөн кызмат ордун штаттык бирдиктин алкагында түзүү;

         4.      Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди «Кыргызтесттен» өткөрүп, деңгээлдик сертификат талап кылуу;

         5.      Саламаттыкты сактоо мекемелеринде иш кагаздарын типтүү нускамага ылайык жүргүзүү жана көрүнөө маалыматтарда мамлекеттик тилдин так, туура колдонулушун көзөмөлдөө;

         6.      Котормо иштеринде жасалма интеллект жана автоматташтырылган котормо системаларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо;

         7.      КР Министрлер Кабинетинин 17.04.2025-жылдагы №211 токтомун ишке ашыруунун алкагында кыргыз тилин үйрөтүү сабактарын жана тармактык терминдерди өздөштүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү;

         8.      Медициналык терминдерди өз алдынча которууга жол бербөө;

         9.      Терминдерди бирдейлештирүү иштерин көзөмөлдөө;

         10.    Мамлекеттик тил саясатын ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук комиссия менен тыгыз кызматташтыкты камсыздоо.

Бул иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана саламаттыкты сактоо тармагында кыргыз тилин кеңири колдонууну камсыздоого багытталды.

Архив