Улуттук комиссиянын төрагасы БМУнун жамааты менен жолугушту

Бүгүн 18-июнда Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев баштаган комиссиянын өкүлдөрү К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жамааты менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук комиссиянын төрагасы университеттин окутуучулук-профессордук курамы жана жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын натыйжалуу ишке ашыруу, мугалимдердин жана студенттердин тил маданиятын көтөрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда БМУнун ректору Мирлан Дылдаев мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө университет тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. Ал өз сөзүндө БМУ мамлекеттик тилде билим берүү сапатын жогорулатуу, тил чөйрөсүн кеңейтүү жана кыргыз тилинде окуу материалдарын көбөйтүү багытында бир катар иштерди аткарып жатканын белгилеп өттү. Ошондой эле Улуттук комиссия менен ар тараптуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жогорку билим берүү мекемелеринде жана илимий чөйрөдө мамлекеттик тилдин салмагын арттыруу маанилүү экенине токтолду.

Жолугушууда төмөнкү негизги багыттар боюнча сунуштар жана пикирлер айтылды:

         •        ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жогорулатуу;

         •        Академиялык жана илимий иштерде мамлекеттик тилдин колдонуусун кеңейтүү;

         •        Улуттук комиссия менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу.


Жолугушуунун соңунда тараптар мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында мындан ары да үзгүлтүксүз кызматташуу жана жигердүү иш алып баруу боюнча макулдашышты.

Архив