Медиа жана тил саясаты: мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү журналистиканын орду талкууланды

Бүгүн 18-июнда Улуттук тарых музейде заманбап медиамектептин алкагында “Медиа жана тил саясаты: кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү журналистиканын орду” аттуу алгачкы тренинг болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, мамлекеттик тилде сапаттуу жана мазмундуу медиаконтент жаратуу коомдук аң-сезимди калыптандырууда жана тилди заманбап шарттарда колдонуу багыттарына арналды.

Тренингде маданият жана коомдук чөйрөнүн өкүлдөрү - Түгөлбай Казаков, Гүлзада Станалиева жана Тилек Мирлан өз баяндамаларын жасап, медианын тил саясаты менен өз ара байланышы, кыргыз тилинде медиатекст түзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана журналисттик сөздүн коомдук пикирге тийгизген таасири тууралуу пикирлерин ортого салышты.

Заманбап медиамектеп журналисттердин кесиптик дараметин жогорулатууну, этикалык нормаларды бекемдөөнү жана медиа тармагын туруктуу өнүктүрүүнү максат кылат. Тренингдер ай сайын үзгүлтүксүз негизде уюштурулуп, ар түрдүү актуалдуу темаларды камтып турат.

Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан да ЖМК өкүлдөрүнүн ишин жакшыртуу максатында мониторинг жүргүзүлүп, тил нормаларын сактоо жаатында атайын семинарлар уюштурулган. Анын жыйынтыгында мамлекеттик тилде медиаконтент даярдоого байланыштуу нускама иштеп чыгуу багытында иштер жүрүп жатат.

Журналистика – коомго үн, тилге дем берген күч. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу медиа аркылуу жүзөгө ашырылат. Андыктан ар бир сапаттуу контент – бул тилге болгон камкордук.

Архив